Кыргызстан менен Беларусь асыл тукум мал чарбачылыгы жаатында кызматташат. Ушул жылдын июнь айында Минск шаарында өткөн бизнес-форумда эки өлкө асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча маанилүү меморандумга кол коюп, технологиялар, үрөндү тоңдуруу жана породанын сапатын жогорулатуу багытында иш алып барууну макулдашты.
Бул кызматташтык республиканын айыл чарба тармагына кандай пайда алып келет?Асыл тукум мал чарбачылыгынын келечеги кандай? Фермерлер жана малчылар бул мүмкүнчүлүктү кандай пайдалана алышат? Жасалма уруктандыруу кандай жол менен жүргүзүлөт? Кайсы өлкөлөрдөн алып келинет? Ири мүйүздүү малдан башка жандыктарга да жасалабы?
Ушул жана башка суроолорубузга Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шараповдон жооп ала алдык.