Курулуш учурунда археологиялык изилдөө иштери жөнөкөйлөтүлөт — мыйзамга кандай өзгөрүүлөр кирди?

Sputnik
Юстиция министрлиги объектилерди, жолдорду курууда жана карьерлерди иштетүүдө археологиялык изилдөө процессин жөнөкөйлөтүү максатында мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Долбоорду Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары бир эле учурда үч окууда жактырды. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдаланууда кандай өзгөрүүлөр кирди, мыйзамдын максаты кандай экенин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун Археология, этнология, булак таануу жана тарыхнаама кофедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты, археолог Орозбек Солтобаев айтып берди.