Өткөн жылы өлкөдө электрондук документ жүгүртүүдөн 1,2 млрд сом үнөмдөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармакка жазды. Анын айтымында, мурун документтер үчүн тонналаган кагаздар керектелчү. "Азыр электрондук документ менен иштеп жатабыз. Бул кагазга караганда ар бир документке 30 мүнөткө чейин убакыт үнөмдөйт жана чыгымдарды 90%га кыскартат. 2024-жылы мамлекет электрондук документ жүргүзүүдөн 1 миллиард 205 миллион сомдон ашык үнөмдөлдү", - деди Орунбеков. Ошондой эле ал электрондук документ жүргүзүүдө көзөмөл күчөп бюрократия да азаярын билдирди. Ошондой эле бул ал бул иш мамлекет башчы Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан санариптештирүү реформасынын жыйынтыгы экенин белгиледи.
Жылдык үстөгү 8 пайызды түзгөн жеңилдетилген насыяны бардык райондун ишкерлери ала алат. Бул тууралуу "Ишкердикти өнүктүрүү фондунун" өкүлү Адилет Маматов билдирди. Анын айтымында, бул долбоор өлкөдөгү чакан жана орто ишкерликке колдоо көрсөтүү максатында президенттин Курултайдагы тапшырмасынын негизинде ишке ашууда. "Бюджеттен 500 миллион сом бөлүнүп, аны ишке ашыруу милдети бизге жүктөлдү. Учурда арыздар кабыл алынууда. Насыялар 5 миллион сомго чейинки суммада берилет. Аны 18 жаштан 65 жашка чейинки ишкердик менен алектенген бардык жарандар ала алат. Каражат 40 райондун калкынын санына жараша бөлүштүрүлдү. Ошондуктан бардык аймактагы ишкерлер ала алат ", — деди Маматов. Ошондой эле ал насыяны берүүдө тааныш-билиштикке, коррупциялык схемаларга жол берилбеши үчүн көзөмөл катуу экенин кошумчалады.
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына коюла турган Айкөл Манастын жаңы эстелигинин эскиздери соцтармакка жарыяланды. Эмгектин автору скульптор Тамила Маматова экени айтылды. Ал эми эскиздерди архитектуралык дизайн студиясы даярдаган. Жаңы монумент мурдагысынан көлөмү боюнча кыйла чоң. Белгилей кетсек, эски эстелик 2011-жылдын 31-августунда орнотулган. Колодон жасалган фигуранын бийиктиги 10 метр болсо, эстеликтин постаменти менен кошо бийиктиги 17 метрден ашкан. Скульптор Базарбай Сыдыковдун колунан чыккан. Эстелик Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата орнотулган. Аны демонтаждоо иштери 2025-жылдын январь айында башталган болчу. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов скульптуранын астыңкы бөлүгү бузулуп, капиталдык оңдоого муктаж экенин айткан.
Касым-Жомарт Токаев АКШнын казакстандык товарларга бажы алымдарын киргизүү чечими боюнча Дональд Трампка кат жөнөттү. Бул тууралуу Ак орда билдирди. Казакстандын президенти соода маселелерин чечүүнүн акылга сыярлык жолун табуу үчүн конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин белгилеген. "Токаев соода маселеси боюнча компромисске келсе болоруна ишенерин билдирет", — деди Ак орда. Казакстан АКШнын эски соода жана инвестициялык өнөктөшү катары адилеттүү, өз ара пайдалуу соода байланыштарын өнүктүрүүгө умтула турганы белгиленген. Дүйшөмбү күнү Трамп Токаевге кат жөнөтүп, АКШга экспорттолгон бардык казакстандык товарларга бажы салыгы киргизилгенин билдирген.