БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Батыш чагымчылыгынан улам түзүлгөн Украинадагы абал ушу тапта чыңалган бойдон калууда. Бул тууралуу ФСБ директорунун орун басары — Чек ара кызматынын директору Владимир Кулишов ШКУга мүчө өлкөлөрдүн чек ара кызматтарынын жетекчилеринин XI жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, жыйын Бишкекте өтүп жатат.
Кулишов белгилегендей, учурда дүйнөлүк тартип түп-тамырынан өзгөрүп, көп уюлдуу саясий жана экономикалык мейкиндик түзүлүп жатат.
"Жамааттык Батыш мурдагы үстөмдүгүн сактап калууга аракет кылып, абалды күчөтүүдө. Эгемендүү мамлекеттердин алакасына кийлигишип, аймактагы туруктуулук жана коопсуздук үчүн биргелешип жасап жаткан кадамдарыбызды жокко чыгаруу аракети жүрүп жатат. Батыштын чагымчылыгынан улам Украинадагы абал чыңалган бойдон калууда", — деди Кулишов.
Анын айтымында, Украинага аскердик-техникалык жардамдын агымы уланып, согуштун тыюу салынган ыкмалары менен каражаттарынын колдонулуп жатканы, ошондой эле чет элдик кеңешчилер менен жалданма жоокерлердин салгылаштарга катышуусу киевдик режимге демөөрчү болгон өлкөлөр менен аскердик кагылышуу коркунучун күчөтүүдө.
"Түндүк Атлантика альянсынын чалгындоо жана бүлүндүрүүчүлүк аракеттери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Россияга каршы аскердик аракеттердин сценарийлери анын чек арасынын жанында даярдалып жатат", — деди Кулишов.
Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларындагы абал боюнча маалымат алмашуу системасын жакшыртуу, коркунучтарды чогуу талдоо жана божомолдоо технологияларын өздөштүрүү, чек ара кооптуулуктарына каршы чараларды биргелешип иштеп чыгып, ишке ашыруу боюнча тажрыйбаны өнүктүрүү зарыл экенин белгиледи.