БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Евробиримдик Венгриянын Украинаны уюмга кабыл алууга каршылыгын мыйзамдуу негизде кыйгап өтө албайт, эгер алдамчылык менен буга бара турган болсо Будапешт күрөшүүгө даяр. Мындай билдирүүнү Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жасаганын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Будапешт сүйлөшүү кластерлерине макулдугун бербегендиктен ушу тапта Украинанын евроинтеграция процесси туңгуюкка кептелип турат.
"Бизди алдап коюулары да мүмкүн, албетте, каршылык көрсөтөбүз, сотко кайралып, укугубузду коргойбуз. Бирок процесстин соңунда, мүчөлүк тууралуу акыркы чечим кабыл алынарда Венгрияны кыйгап өтүүгө болбойт", — деген өкмөт башчы.
Орбан Венгриянын пикирин юридикалык жактан эсепке албай коюу мүмкүн эмес экенин белгилеп, бирок "Брюсселде азыркы тапта мыйзам ашкере бузулуп", "укук үстөмдүгү жетишерлик дңгээлде болбой калгандыктан" Будапештти кыйгап өтүү өтө деле кыйын болбой турганын кошумчалаган.
Премьер ЕБ саммитинин алдында Украинанын евроинтеграцияланышы боюнча чечим кабыл алынышы мүмкүн эместигин, Венгриянын макулдугусуз документ юридикалык күчкө ээ боло албастыгын белгилеген. Орбандын айтымында, маселе биргелешип чечилиши керек. Мындан тышкары, өкмөт башчы Украинанын ЕБге кошулуусу боюнча өз өлкөсүндө өткөн сурамжылоонун жыйынтыгын көрсөткөн. Анда өнөктүккө катышкандардын 95 пайызы, башкача айтканда, 2 миллиондон ашуун адам Киевдин евроинтеграциясына каршы чыккан.
Орбан маек куруп жатып Владимир Зеленский саясатчынын жаңы түрү — президенттин ролун ойногон актер же комиктин образын жаратып бергенин айтты.
Премьер бир жыл мурун Зеленский менен Киевден жолугуп, Россия менен тирешүүдөн Украина гана кыйын кырдаалга кептелгенин, АКШга президент болуп Дональд Трамптын келиши менен Евробиримдиктин гана жардамына таяна аларын айтканын белгилеген. Орбан Киев режиминин жетекчисине тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону сунуштаган. Бирок Зеленский макул болгон эмес.
"Саясатчынын дейбизби, инсандынбы, айтор, жаңы тип пайда болду. Мындайга биринчи жолу тушугушум. Ким дейбиз? Инфлюенсер саясатчыбы, саясатчы актербу же комикпи? Башкача айтканда, өткөн турмушу азыркы кызматына эч даярданбаган киши келип, президент болуп калды. Президенттин ролун ойноп жатат", — деди Орбан.
Ал Зеленский менен олуттуу, терең баарлашууга аракет кылганын белгилеген. "Оюм ишке ашкан жок, чынында комиктин алдында отурганымды түшүндүм", — деген Орбан.