Президент Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, тартиптик чара башкы банкирдин ишиндеги кемчиликтер үчүн колдонулган.
Эске салсак, былтыр августта да Садыр Жапаров Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, эки орун басарын иштен алган. Анда акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна кептеп, экономикага терс таасирин тийгизүү менен бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлордун алдында ишенимди жоготуу коркунучу жаралганы айтылган.
Аткаминер сөгүш алса чет өлкөгө сапары чектелип, сый акысы берилбейт. Чоо-жайы