БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурда өтүп жаткан АСЕАН (Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы) саммитинин алкагында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолукту. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
РФ ТИМинин берген маалыматына караганда, тараптар Украина маселесин жөнгө салууну, Иран менен Сириядагы абалды талкуулашкан.
"Лавров менен Рубио чырлуу кырдаалдардан тынчтык менен чыгуу жолдорун макулдашышты. Мындан тышкары, Россия менен АКШнын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташууну калыбына келтирүү, түз авиакаттамды жандандыруу тууралуу кеп болгон", — деп айтылат маалыматта.
Сүйлөшүү 50 мүнөткө созулган. Россия тараптан жолугушууга Түндүк Атлантика департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Кирилл Михайлов жана бөлүм башчысы Александр Посылкин катышкан. Ал эми Америкадан мамлекеттик катчынын саясий маселелер боюнча орун басары Эликсон Хукер жана саясий пландоо маселелери боюнча директор Майкл Энтон болду.