УКМК инженер-программисттерди жана чет жактан билим алгандарды ишке чакырууда

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. УКМК инженер-программисттерди жана чет жактан билим алгандарды ишке чакырууда. Бул боюнча жарыяны мекеменин маалымат кызматы таратты.
Атайын кызмат тандоо учурунда алардын өзгөчө жөндөмдөрү эске алынып, бул багыттагы адистерге техникалык бөлүмдөрдө аскердик кызмат өтөөнүн альтернативдүү формалары сунушталарын белгиледи.
28-30 жашка чейинки, жогорку техникалык билими бар, соттолбогон, ден соолугу чың жарандар төмөнкү адистиктер боюнча УКМКга ишке чакырылат:
радиоэлектроника;
учактарды моделдөө (дрон-конструкторлор);
тоо-кен өнөр жайы — жардыруу иштерине адистешкен;
физика жана математика (алгоритмдик эсептөөлөр) — криптография, киберкоопсуздук жана хакерлик өңүттөгү программисттер, маалымат базалары менен иштөө, киберкоопсуздук үчүн код жазуу;
жок дегенде 2-3 чет тилди жакшы билгендер.
Ошондой эле Япония, АКШ, Кытай, Түштүк Корея жана Европа өлкөлөрүнүн университеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берилери кошумчаланды.
Ташиев ФСБ менен УКМК академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшырды