БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. ШКУ Евразия аймагында коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөдө натыйжалуулугун далилдеди. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, чек ара маселелери ШКУ өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири болуп саналат.
"Азыркы тапта дүйнөдөгү аскердик-саясий абал татаал. Геосаясий карама-каршылыктар күчөп, стратегиялык туруктуулуктун негиздери бузулууда", — деди Ташиев.
УКМК төрагасы белгилегендей, чек ара тармагында ШКУ өлкөлөрү бир катар жаңы чакырыктарга туш келип жатат.
"Биринчиден, салттуу коркунучтардын формасы өзгөрүүдө. Кылмыштуу топтор өз аракеттерин координациялоодо заманбап санариптик технологияларды жигердүү колдонуп келишет, бул аларды аныктоону кыйындатууда. Мисалы, дрондор чалгындоо, чабуул жана аткезчилик үчүн колдонулууда. Бул бизден жаңыча көз караштагы күрөшүү системасын талап кылат. Экинчиден, гуманитардык жана миграциялык чакырыктарга туш болуудабыз. Миграциялык агымдардын көбөйүшү чек ара кызматтарына чоң жүк жаратат, тилекке каршы, адам сатуу тобокелдигин да күчөтөт. Үчүнчүдөн, "гибриддик" коркунучтар. Чек ара аймактарында башаламандык жаратуу жана элдин ишенимин солгундатуу максатында атайын маалыматтык өнөктүктөр жүргүзүлүүдө", — деп кошумчалады Ташиев.