Еврейлерди тирүүлөй өрттөп жок кылган "коңшулар". Тарых барактарынан

Улуу Ата Мекендик согуш башталган 1941-жылдын 10-июлунда советтик Беларустун курамына кирген Едвабно шаарчасында 1500дөн ашуун еврей жок кылынган.
Sputnik
Көп убакыт бою мындай кылмыш фашисттердин гана колунан келди деп эсептелип келген эле. Бирок кийин элди кыргандардын басымдуу бөлүгү поляктар болгону аныкталган.
2000-жылы теги поляк америкалык тарыхчы Ян Гросс "Коңшулар. Еврейлерди жок кылуунун тарыхы" деген китебин жазып, чындыкты ачкан.
2001-жылы Польша бийлиги эл массалык кырылган жерге эстелик орноткон, бирок анда курмандыктын саны да, бул кылмышты ким жасаганы тууралуу да маалымат айтылган эмес.
Тема боюнча:
Жүз миңдеген өмүрдү алган Заксенхаузен концлагери