Эдил Байсалов Саха Республикасына барды

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Якутияга иш сапары менен барып, Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тараптар маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоону, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Ошондой эле сапардын алкагында Байсалов Кара-Кыргыз автономиялуу облусун жетектеген көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Якутиянын тургуну Максим Аммосовдун эстелигине гүл койгону айтылды.
Кыргыз делегациясы Россия элдеринин улуттук рухунун күчүн жана биримдигин символдоштурган XXII Манчаары оюндарына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышууда.
Борбор Азия өлкөлөрүнө Россиянын жалпы энергетикалык шакекчеге кошулушунун пайдасы