Бишкекте ШКУнун чек ара кызматтарынын башчыларынын жыйыны өттү. Видео

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин чек ара кызматтарынын жетекчилеринин 11-жыйыны өттү.
Sputnik
Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында уюштурулду. Ага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринин чек ара кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ШКУ РАТС Аткаруу комитети жана КМШнын тиешелүү өнөктөш структуралары катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ШКУ Евразия аймагында коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоодо өзүнүн натыйжалуулугун далилдегенин билдирди.
Анын айтымында, чек ара маселелери ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат. Ташиев ошондой эле уюмга мүчө өлкөлөр чек ара чөйрөсүндөгү бир катар жаңы чакырыктарга туш болуп жатканын белгиледи.
УКМК башчысы кылмыштуу топтор өз ишин координациялоо үчүн заманбап санариптик технологияларды активдүү колдонуп жатканын, бул нерсе аларды аныктоону жана бөгөт коюуну кыйла татаалдаштырып жатканын билдирди. Мисалы, учкучсуз учуучу аппараттар чалгындоо, чабуул жасоо жана контрабанда үчүн көп колдонулууда. Мунун баары ШКУга мүчө өлкөлөрдүн чек ара ведомстволорунун жетекчилеринен жаңы системаларды киргизүүнү талап кылат.
Россия ФСБсынын Чек ара кызматынын жетекчиси Владимир Кулишов ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларындагы кырдаал боюнча өз ара маалымат алмашуу системасын өркүндөтүү зарыл экенин билдирди. Ал ошондой эле чек ара коопсуздугуна байланыштуу коркунучтарды биргелешип талдоо жана болжолдоо технологиясын өздөштүрүү, транс чек аралык кылмыштуулукка каршы биргелешкен иш-чараларды пландоо зарылдыгына токтолду.
Тема боюнча:
Ташиев ШКУ чек ара коопсуздугу жаатында координацияны күчөтүп жатканын айтты