БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Баткендин тургундары үйүндө сактап жүргөн мыйзамсыз курал-жарактарын ыктыярдуу түрдө укук коргоо органдарына тапшырып беришти. Бул тууралуу облустук ИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен районунда жүргүзүлгөн "Арсенал" рейди ойлогондон дагы жакшы жыйынтык берген.
"Түшүндүрүү иштери эл арасында укуктук аң-сезимдин жогорулашына түрткү берип, тургундар өз ыктыяры менен 78 даана ок атуучу курал, ондогон ок-дары жана эки даана кол гранатасын тапшырып беришти. Мындай көрсөткүч жашоочулардын коомдук коопсуздукка болгон жоопкерчилиги жогору экенин тастыктайт", — деп айтылат маалыматта.
ОИИБ тапшырылган ар бир курал кылмыштарды алдын аларын белгиледи.