11-июлга карата аба ырайы

11-июлга караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. 11-июль, жума күнү, республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көлдө +17...+22, Нарын өрөөнүндө +18...+23 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +27…+29 градуска көтөрүлөт.
"Ала-Тоо" аянтындагы Манастын жаңы эстелиги кандай болору көрсөтүлдү