Бул ирет сиз күткөн “Стоп кадр” уктуруусунда — “От” тасмасынын жаралуу сырына баш багып, сөздүн чыныгы күчү менен “жанган” сценарий тууралуу кеп кылдык. III Бишкек Эл аралык кинофестивалында Борбор Азия конкурсунун алкагында “Мыкты сценарий” наамын багындырган бул фильмдин ийгилигинин түпкү өзөгүндө — талыкпас эмгек, чыгармачыл изденүү жана чыныгы каармандык турат. Тасманын сценарийин жазган Айзада Амангелди менен Дастан Мадалбеков сценарий жаратуу оңой иш болбогонун, ар бир реплика, ар бир эпизод өзүнө өзүнчө жоопкерчилик жүктөгөнүн айтып берди. Бул чыгарма узак изденүүнүн, терең талкуулардын жана жандуу эмоциялардын жыйынтыгында жаралгандыгы айтылды.
“Стоп кадрда” бул жолу сценарийдик драматургиянын көрүнбөгөн дүйнөсүнө сапар алабыз. Эмне үчүн “От” мыкты деп табылды? Кантип идея сценарийге, сценарий экранга айланды? Жеңишке жетелеген формула барбы? Кино сүйүүчүлөр үчүн гана эмес, сценарий жазуу менен алектенгендер үчүн да шыктандырчу маек — ушул чыгарылышта!