Ысык-Көл менен Нарын облусун 2029-жылга чейин органикалык айыл чарбага өткөрүү пландалууда. Анын алкагында органикалык айдоо жерлерди 200 миң гектарга жеткирүү каралат. Бул аракеттер региондук деңгээлдеги айыл чарба саясатын өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Кыргызстанда айыл чарба продукциясы экологиялык жактан таза аймактарда — жайлоолордо, таза мөңгү суулар менен сугарылып түшүмдүү жерлерде өстүрүлөрүбелгиленди.
Кабыл алынган “Органика 2025–2029” программасы кантип ишке ашарын Айыл чарба министрлигинин Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Уран Чекирбаев айтып берди.