Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Учурдагы чакырыктар ШКУ өлкөлөрүнөн тыгыз кызматташууну талап кылат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ШКУга мүчө мамлекеттердин чек ара кызматтарынын жетекчилеринин XI жыйынында билдирди. Анын айтымында, уюмга мүчө өлкөлөрдүн чек ара мекемелеринин жетекчилеринин иши бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгууга багытталган. УКМК төрагасы ири көлөмдөгү маалымат алмашууну күчөтүүнү сунуштады. "Ар кыл күч түзүмдөрүнүн катышуусунда биргелешкен чек ара машыгууларын өткөрүүнү сунуштайм. Алар дрондорго, маалыматтык чабуулдарга жана массалык миграция агымдарына каршы күрөшүүдө машыгышы керек. Ошондой эле ШКУнун байкоочу мамлекеттери жана өнөктөштөрү менен тажрыйба алмашууну жана туруктуулукту бузууга багытталган аракеттерге каршы биргелешкен иштерди күчөтүү зарыл деп эсептейм", — деди Ташиев. УКМК башчысы ошондой эле кызматкерлердин кесиптик даярдыгын күчөтүүнү, санариптик билим деңгээлин жогорулатууну жана гуманитардык кризистер шартында иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө басым жасоо керектигин белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Якутияга иш сапары менен барып, Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Тараптар маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоону, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Ошондой эле сапардын алкагында Байсалов Кара-Кыргыз автономиялуу облусун жетектеген көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Якутиянын тургуну Максим Аммосовдун эстелигине гүл койгону айтылды. Кыргыз делегациясы Россия элдеринин улуттук рухунун күчүн жана биримдигин символдоштурган XXII Манчаары оюндарына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышууда.
Баткендин тургундары үйүндө сактап жүргөн мыйзамсыз курал-жарактарын ыктыярдуу түрдө укук коргоо органдарына тапшырып беришти. Бул тууралуу облустук ИИББ билдирди. Маалыматка караганда, Баткен районунда жүргүзүлгөн "Арсенал" рейди ойлогондон дагы жакшы жыйынтык берген. "Түшүндүрүү иштери эл арасында укуктук аң-сезимдин жогорулашына түрткү берип, тургундар өз ыктыяры менен 78 даана ок атуучу курал, ондогон ок-дары жана эки даана кол гранатасын тапшырып беришти. Мындай көрсөткүч жашоочулардын коомдук коопсуздукка болгон жоопкерчилиги жогору экенин тастыктайт", — деп айтылат маалыматта.
Россия менен Кытайдын аскердик жаатта кызматташуусу эл аралык укук нормаларына толугу менен шайкеш келип, үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбайт. Бул тууралуу Россиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды. Ал брифингде Россия менен Кытайдын мамилесине тынчы кеткен НАТО баш катчысы Марк Рюттенин сөзүнө комментарий берген. "Биздин Кытай менен кызматташуубуз эл аралык укук нормаларына дал келет, ачык-айкын, эч кандай көмүскө максаты жок, блоктук же конфронтациялык мүнөзгө ээ эмес, үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбайт", — деген расмий өкүл. Захарова Рюттенин эгер Кытай лидери Си Цзиньпин Тайванга кол сала турган болсо, биринчи кезекте Россия президентине чалат деген сөзүнө да жооп берди. "Өтө таң калычтуу билдирүү. Рюттенин саламаттыгына, менталдык абалына тынчыбыз кете баштады. Тайвань Кытайдын ажырагыс бөлүгү болсо каяктагы кол салуу?" — деди Захарова.