Жайында кайнаган аптап менен кошо ден соолукка байланыштуу тобокелчиликтер көбөйөт. Айрыкча ичеги-карын инфекцияларынын жана тамак-ашка уулануулардын эң көп катталган учуру болуп эсептелинет. Адистердин айтымында, бул мезгилде азык-түлүккө өзгөчө этият мамиле кылуу зарыл. “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында ысыкта кандай чаралар менен ичеги-карын ооруларын алдын алса болорун жана эгер оорунун белгилери байкалса кандай аракеттерди көрүү керектиги тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Иса Коноевич Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти, Медицина илимдеринин кандидаты Дамирахан Чыныева жооп берди.