Министрликтер кызматкерлердин 10 пайызын конкурссуз кабыл ала алышат. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору менен кызмат адамдарынын санариптик сабаттуулукка ээ болушу боюнча жаңы талаптар, кенже кызмат орундары үчүн кадрлардын бирдиктүү резервин түзүү, айрым административдик кызмат орундарына атайын (конкурстук эмес) тартипте кабыл алуунун жана мамлекеттик органдын демилгеси боюнча кызматты токтотуунун жаңы эрежелери киргизилерин уктуруунун жүрүшүндө Бактыгүл Усеналиева билдирди. Ал мамлекеттик жана муниципиалдык кызматка кабыл алуу жолдору, мыйзамга кирген толуктоолор жана аймактардагы кадрдык жетишпестиктер тууралуу суроолорго жооп берди.