Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
1-августтан баштап Улуттук статистика комитетинин облустук башкармалыктарын жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, оптимизациянын алкагында негизги жана жардамчы кызматкерлерден турган 100 штат кыскарат. "Чечим мамлекеттик статистика чөйрөсүндө борбордук жана облустук деңгээлдер ортосундагы кайталануучу функцияларды жок кылууга, шаардык деңгээлде респонденттер менен тез иш алып барууга жана борбордук аппараттагы аналитикалык, методологиялык ишти күчөтүүгө багытталган. Өнөктүктүн алкагында үнөмдөлгөн каражат кызматкерлерге кошумча сый акы төлөөгө жана башка материалдык колдоолорго жумшалат", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле буга чейин Улуттук статистика комитети расмий отчет формаларын 246дан 119га чейин кыскартканы кошумчаланды.
Суу ресурстары ,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде “Кыргыз жылкысы – кымыз” аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага ветеринария, зоотехния, этнография, биотехнология тармактарындагы адистер, окумуштуулар, дыйкан-чарбагерлер жана жылкы багууну кесип кылган практиктер катышып, баяндамалар жасалды. Конференцияда жылкынын кыргыз турмушундагы ролу, асыл тукумду сактоо маселеси, кымыз өндүрүүнүн заманбап ыкмалары, экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана элдик дарылык тажрыйбаларга байланыштуу маанилүү пикирлер айтылды. Конференция — улуттук байлыкты сактоо жана жаңы муунга өткөрүп берүү аракетинин бир бөлүгү катары каралды. Иш-чаранын жыйынтыгында бир катар илимий сунуштар, практикалык демилгелер жана өнөктөштүк долбоорлор кабыл алынып, тиешелүү резолюция кабыл алынды.
Бишкекте филармониянын алдындагы аялдамага заманбап электрондук табло коюлду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Эми жүргүнчүлөр келе турган автобустун номерин, саатын көрө алат. Ошондой эле барчу жерине чейин кайсы транспорт, кандай маршрут менен жете аларын көрсө болот. Көзү жакшы көрбөгөндөргө, азиздерге маалыматты үн менен да айтып берет. Мэрия мындай "акылдуу" таблолор шаардын башка негизги аялдамаларына да коюларын билдирди.
Тажикстандын бийлик органдары афган качкындарын, анын ичинде мыйзамдуу жашоого уруксаты бар жана иммиграциялык иштер боюнча чечимдерин күтүп жаткандарды кармоо жана депортациялоо кампаниясын баштады. Khaama Press агенттигинин маалыматына караганда, афган жарандарына өлкөдөн чыгып кетүүгө 15 күн мөөнөт берилди. "Акыркы апталарда тажик коопсуздук күчтөрү күн сайын ондогон афганчыларды, негизинен эркектерди кармап жатышат. Аларды үй-бүлөсүнө кабарлабастан түз эле иштеген жеринен алып кетишүүдө. Алардын айрымдары үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде Канадага көчүү процесси боюнча документтерин күтүп жүргөндөр", - деп айтылат булактын маалыматында. Ачык булактардын маалыматы боюнча Тажикстанда 13 миңден ашуун афган жараны жашайт. Алардын көбү 2021-жылы Талибан кыймылы бийликке келгенден кийин качып кеткен мурдагы чиновниктер, аскер кызматкерлери