Бийлик үй жылуулоого жана электромобиль алууга жеңилдетилген насыяга акча бөлдү

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Министрлер кабинети Ишкердикти өнүктүрүү фондуна 678,9 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өкмөт аталган фондго 3 пайыз үстөгү менен 20 жылга насыя берет. Анын эки жылы жеңилдетилген мөөнөт экени айтылды.
Кредит төмөнкү максаттарга берилет:
турак жайларды жана бизнес-объектилерди жылуулоо;
газга кошулуу (газдаштыруу);
жылытуу жана муздатуу системаларын жакшыртуу;
энергияны жана сууну үнөмдүү колдонгон жабдууларды сатып алуу;
кайра жаралуучу энергия булактарын (КЖЭ) жана заманбап технологияларды орнотуу;
электромобилдерди жана гибриддик автоунааларды сатып алуу;
абаны кайра колдонуу функциясы бар желдетүү системаларын орнотуу;
жылытуу жана муздатуу үчүн жылуулук насосторун орнотуу.
Жарандарга 5 миллион сомго чейинки каражат 12 пайыз жылдык үстөгү менен 5 жылга чейин берилет.
Камбар-Ата — 2 ГЭСинин плотинасын бекемдөө үчүн 50 млн. доллар насыя алынат