БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жашы жете электер үчүн абакта отурган өспүрүм 12 жылдан кийин энеси менен жолукту. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Вознесеновка айылындагы ЖАМКнын №14 мекемесинин 15 жаштагы тарбиялануучусу балдар үйүндө чоңойгон. Мекеменин кызматкерлери баланын өтүнүчү менен анын энесин таап беришкен.
"Жолугушуу үй-бүлөлүк байланыштарды жандандыруу жана моралдык колдоо көрсөтүү максатында өткөрүлгөн. ЖАМК мындай демилгелер аркылуу соттолгондордун социалдык адаптациясын жана руханий абалын бекемдөөнү көздөйт", — деп белгилешти мекемеден.
Өспүрүм бул жолугушууну "жашоосундагы бурулуш учур" катары мүнөздөгөнү кошумчаланды.