БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференция режиминде өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жыйындын күн тартибине 42 маселе киргизилип, бир катар чечимдер кабыл алынган.
Атап айтканда, ЕАЭБде "Робототехника" технологиялык платформасы пайда болот. Анын негиздөөчүлөрүнүн катарында Кыргызстандан Раззаков атындагы КМТУ жана КРСУ бар. Ошондой эле велосипед, анын рамалары, дезинфекциялоочу каражаттар, микробго каршы косметикалык продукциялар, бекире жана лосостун икрасы, айрым майлоочу материалдар маркаланышы керек.
"Чечим ЕАЭБ рыногунда контрафактылык продукциянын жүгүртүлүшүн жокко чыгарууга багытталган. Мында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер маркалоону киргизүү датасын өз алдынча аныкташат", — деп айтылган маалыматта.
Мындан тышкары, ЕАЭБ аймагында кулпунайдын антракноз деген илдетине каршы карантиндик чаралар күчөтүлдү.
Жыйындын соңунда Чолпон-Атада 14-15-августта өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартиби бекитилди.