Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Россияга сюрприз даярдап жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Москвага карата жасала турган кийинки кадамдары тууралуу айтып жатып Россия үчүн "кичинекей сюрприз" даярдап жатканын кыйытты.
РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда Трамп Ак үйдө жыйын өткөргөн.
Анткен менен президент Вашингтон кандай чара көрөрүн ачыктаган жок.
Ошол эле жыйында Трамп Россияга каршы санкциялар тууралуу мыйзам долбоорун дыкат карап жатканын, чектөөлөр анын жеке чечими менен гана киргизилерин белгилеген.
"Мен кандай десем ошондой болот. Конгресс мыйзам долбоорун менин каалоом боюнча кабыл алат", — деген президент.
Эскерте кетсек, Россиядан нефть, мунай заттарын, газ жана уран сатып алган мамлекеттерге 50 пайыз өлчөмүндө бажы алымын киргизүү каралган мыйзам долбоорун Москвага каршы риторикасы менен белгилүү америкалык сенатор Линдси Грэм* киргизген. Кийинчерээк Bloomberg сенаторлор АКШ президентинин макулдугусуз мындай документти кабыл ала алышпай турганын жазган эле. Ал эми Еврокомиссиянын башчысы Грэмге Россияга каршы санкциялар координациялангандан кийин гана киргизилиши кажет экенин эскерткен.
Трамптын АКШ киргизген санкциялардан Вашингтон ири чыгым тартып жатканын айтканы бар, мында кеп миллиарддаган доллар тууралуу болууда. Муну менен бирге президент Украина маселесин жөнгө салуу боюнча макулдашуу акыры түзүлөт деп үмүт артып тургандыктан чектөө киргизбей жатканын айткан.
Россия Батыштын канча жыл илгери эле баштаган санкциялык кысымына туруштук берүүгө дарамети жетерин эскертип келет. Трамп өзү да Путиндин иш билгилигинен улам Россия санкциялардан көп жапа чекпегенин билдирген.
* Россияда террорчулар менен экстремисттердин тизмесине киргизилген
Трамп Токаевге казак товарларына бажы төлөмү киргизилерин билдирди