БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Эксперттер Россиянын жалпы энергетикалык шакекчеге кошулуусу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кандай артыкчылыктарды берерин айтып беришти.
Алар Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөштү.
“Эгерде эртең биздин өлкөлөрдүн биринде авария болуп кетсе же, мисалы, мөңгүлөрдүн тез эришинен улам суу тартыш болуп калса, Россиядан электр энергиясын импорттой алабыз. РФтин шакекчеге кошулушу региондо энергетикалык коопсуздуктун келечегин камсыздайт”, — деди Өзбекстандын президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институтунун трансчек аралык маселелер жана аймактык кызматташтык боюнча комплекстүү изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Жасур Рахматов.
"Евразиялык өнүгүү" эксперттик клубунун аткаруучу директору Комрони Хидоятзода бул нерсе Борбор Азиянын бардык мамлекеттерине алардын энергетикалык системаларынын туруктуулугун камсыздоого жардам берерин белгиледи.
“Россиянын шакекчеге кошулушу биздин өлкөлөрдө туруктуу жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшөт. Тажикстанда өнөр жай ишканаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздайт. Энергетиканы өндүрүүчү объектилерди куруу үчүн каржы тартыштыгын сезип жатабыз. Москва бул жагынан да жардам бере алат. Ошондуктан Россиянын кошулуусу бүткүл аймак үчүн бир нече маанилүү маселелерди чечүүгө жардам берет”, — деди эксперт.