БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Россия Украинаны бутуна турган, өнүгүп-өскөн мамлекет катары көргүсү келет, ал эми Батыш Киевди инструмент катары пайдаланууну көздөйт. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Инвестициялык тобокелчиликтерди кылдат караган америкалыктар акыры жыйынтык бербей турган нерсеге күч коротпоону чечкенин көрүп турабыз. Бул бизге карап калыптанган позиция эмес. Биз, тескерисинче, Украинанын тынчтыкта өмүр сүргөн, гүлдөп-өсүп стабилдүүлүк орногон мамлекет катары көргүбүз келет. Бул биз үчүн, керек болсо, зарыл нерсе", — деген Захарова.
Ал Батышта жарыяланган Украинанын милитаризацияланышы аймакта өнүккөн мамлекет куруу ниетин көздөбөй, тескерисинче, өлкөнү инструмент катары пайдалануу максатын аркалай турганын Россия жакшы түшүнөрүн белгилеген.