БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө пирс куруп жаткандардын понтонун шамал айдап кеткен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ сегиз жумушчу Кажы-Сайдагы пансионаттардын биринин пирсин куруп жатышкан.
"Жумушчулар көл үстүндө понтон менен иштеп жатканда шамал күчөп, толкун аларды 3-4 чакырымга чейин жээктен алыстатып кеткен. Жерине барган куткаруучулар менен милиция кызматкерлери моторлуу кайыктын жардамы менен сегиз адамды аман-эсен жээкке алып чыгышкан. Баарынын тең ден соолугу жакшы, жабыркагандар жок", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көл ОИИБи коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертти.