БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Ош шаарында өтүп жаткан жыйын учурунда салыкчылар, аткаминерлер кармалды. Бул тууралуу "Регион" телеканалы билдирип, видеосу менен бөлүштү.
Видеодон УКМК төрагасынын аларды тилдеп жатканын көрүүгө болот.
Маалыматка ылайык, жыйында Салык кызматынын Өзгөн району боюнча жетекчиси жана Кара-Суу району боюнча башчысынын орун басары кармалган.
Мындан тышкары, Ноокат районунун "Кадастр" мекемесинен эки кызматкер, Өзгөн районунун сот органынан бир жана паспорт столунан бир кызматкер камакка алынды. Алардын ишмердүүлүгүнө карата чара көрүлмөкчү.