БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге автоунаа белек кылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун атынан белек Оштун жетекчилери менен болгон жыйындан соң тапшырылган.
Ташиев белек Ош шаарынын жетекчисине башкаларга үлгү болгондугу үчүн берилип жаткандыгын белгиледи.