Гепатит В, С жана ВИЧ-инфекция кан, жыныстык катнаш аркылуу жана энеден балага өтүү жолу менен жугат. Бул тууралуу Айбек Бекболотов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай жугуштуу оорулар организмде 10-15 жылга чейин билинбей жүрүшү мүмкүн.
"Бүгүнкү күндө гепатитке байланыштуу медициналык кызматтардын баары акысыз көрсөтүлөт. Анын ичинде В түрүнө каршы эмдөө да акысыз. Ошондой эле В, С түрлөрүнүн анализдери да бекер алынып, дарылоо да акысыз. Эгерде ооруну алдын ала алсак, андан толук арылууга болот. Мисалы, бир адамдан С түрүндөгү гепатит аныкталса, аны дарылоого жылына 20 миң сом сарпталат. Ошол эле учурда бейтап социалдык жана психологиялык жактан кыйналышы мүмкүн. Эмдөөгө болгону 500 сом кетет. Демек, эмдөө — ооруну алдын алуунун эң натыйжалуу жолу", — деди Бекболотов.
Ошондой эле учурда өлкөдө гепатиттин В түрүнө каршы масштабдуу эмдөө иштери жүрүп жатканын жана вакцина үч этап менен сайыларын белгиледи.
"Өлкөдө гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө иштери 2023-жылдан баштап жүргүзүлүп келет. Вакцина үч этап менен сайылып, биринчи доза анализ тапшыргандан кийин алынат. Ал эми экинчи доза бир айдан соң, үчүнчү доза беш айдан кийин сайылат. Ошентип комплекстүү эмдөө жалпы алты айга созулат жана жыл сайын кайталанбайт. Зарылчылык жаралса 10-15 жылдан кийин эмделсе болот. Бүгүнкү күндө 260 миңден ашык адам биринчи дозасын алды. Экинчи дозаны 220 миң, үчүнчү дозаны 175 миң адам сайдырды", — деди Бекболотов.
Мындан тышкары, ал гепатиттин эң кооптуусу В жана С түрү экенин, учурда С түрүнө каршы вакцина жок экенин кошумчалады.