БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында экология жана өнөр жай коопсуздугун бузгандарга Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан жазылган 62 миллион сомдук айыптын 29 миллион сому өндүрүлдү. Бул тууралуу Экотехкөзөмөл кызматынын директорунун орун басары Асел Мамбетова Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
29 миллион сомдун 20 миллиону мекеменин доо арыздары боюнча өндүрүлсө, 8,5 миллион сому айып пул экени белгиленди.
Мамбетованын айтымында, бул мөөнөт аралыгында 1 629 текшерүү жүргүзүлгөн. Анын ичинен 802си – пландуу, 201и – жарандардын кайрылуулары жана тийиштүү органдардын тапшырмалары боюнча, 626сы контролдук текшерүү болгон.
"Эреже бузууларды четтетүү боюнча 948 буйрук берилип, жалпы суммасы 34 миллион 485 миңди түзгөн 2 012 протокол түзүлдү", — деди ал.
Мамбетова белгилегендей, 2022-жылы ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизилгенине карабастан, 2024-жылы даттануулардын негизинде жүргүзүлгөн пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызмат тарабынан 89 миллион сомго доо арыз, 24 миллион сомго айып салынган.