БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Борбор калаада дагы жети көчө оңдоло турган болду.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Оңдоло турган көчөлөр:
Лев Толстой көчөсүнүн Бакаев көчөсүнөн Фрунзеге чейинки бөлүгү;
Ауэзов көчөсүнүн Салиевадан Жибек Жолуна чейинки бөлүгү;
Абдумомуновдун Калык Акиевден Турусбековго чейинки бөлүгү;
Кара-Дарыя (чыгыш тарабы) көчөсүнүн Медеровдон Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Дэн Сяопиндин Фучиктен Алыкуловго чейинки бөлүгү;
Фучиктин Москва көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгү;
Калининдин Салиевадан Жибек Жолуна чейинки бөлүгү.
Президент жумушчуларды (подрядчы, жеткирүүчү) табууну буйруду. Реконструкция качан башталып, качан соңуна чыгары азырынча белгисиз.