Бишкекте Горчаков фондунун "Борбор Азия боюнча мектеп" программасы өтүп жатат

Бишкекте 8-июлдан 12-июлга чейин Горчаков фондунун "Борбор Азия боюнча мектеп" илимий-билим берүү программасы өтүп жатат. Аймактын энергетикалык келечеги иш-чаранын башкы темасы болду.
Sputnik
Катышуучулар Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздук жаатындагы кызматташтыгын жана Россия менен биргеликте иш жүргүзүүсүн талкуулап жатышат. Программа геосаясаттын энергетикага тийгизген таасири тууралуу лекцияларды, Россиядан жана Борбор Азиядан келген алдыңкы эксперттердин, мамлекеттик структуралардын, илимдин жана коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууларды камтыйт.
Иш-чарага ЖОЖ студенттери, магистранттары, аспиранттары, эл аралык мамилелер, саясат таануу, экономика, юриспруденция жана тарых жаатындагы изилдөөчүлөр, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жаш дипломаттар, мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери жана журналисттер катышып жатат.
"Энергетика – бул көп векторлуу саясатты курууга мүмкүнчүлүк берген күч. Кайра жаралуучу энергия булактары, атомдук энергетика, мунай жана газ биздин программанын негизги темалары болуп саналат", — деди Коомдук дипломатияны колдоо фондунун аткаруучу директорунун орун басары Сергей Орлов.