БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкекте филармониянын алдындагы аялдамага заманбап электрондук табло коюлду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эми жүргүнчүлөр келе турган автобустун номерин, саатын көрө алат.
Ошондой эле барчу жерине чейин кайсы транспорт, кандай маршрут менен жете аларын көрсө болот. Көзү жакшы көрбөгөндөргө, азиздерге маалыматты үн менен да айтып берет.
Мэрия мындай "акылдуу" таблолор шаардын башка негизги аялдамаларына да коюларын билдирди.