Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: АКШнын Украинага курал-жарак жеткирүүсү согушту узартат

Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Америкалыктардын Украинага курал-жарак жеткирүүсү согуштук аракеттерди созуп, Украина менен украиналыктардын жок болушуна алып келет. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
Захарова ошондой эле чыр-чатактын күчөшү менен курал-жарактын көзөмөлсүз жайылып кетүү коркунучу жогорулай турганын белгилеген.
"Биз Зеленскийдин террордук режимине курал-жарак жеткирүү согуштук аракеттерди узартып, Украинанын жана украиналыктардын жок болушуна алып келерин айтып келебиз. Жаңжал уланса курал-жарак көзөмөлсүз жайылып, эл аралык террордук топтордун колуна түшүп калуу коркунучун жогорулатат", — деди Захарова.
ТИМ өкүлү АКШнын Украинага курал бергени конфликтини тынчтык жолу менен жөнгө салуу жолдорун издөөгө көмөктөшпөй турганын кошумчалады.
Захарова Россия менен Батыштын Украина боюнча позициясын салыштырды