"Манасты айтуучулук өнөр менен сактап келсек, аны жайылтууда жазмалыка басым жасашыбыз керек", деген окумуштуу, манасчы Талантаалы Бакчиев жакында эле Россияга барып, Сибирь фольклорунун III эл аралык форумуна катышып келгенин айтты. Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы Манас эпосундагы жер-суу аталыштарына иликтөө жасап, өзүнүн калемине таандык соңку беш жылда жарык көргөн китептери менен тааныштырып кайткан окумштуу 20дан ашуун өлкөдөн өкүлдөр катышкан форумдун актуалдуулугун белгиледи. "Манас" эпосун жайылтууда, башка өлкөлөргө таанытууда мына ушундай илимий жыйындардын орду чоң экендигин айткан манасчы кыргыздын байлыгы болгон Манас эпосу ар тараптан изилденүүгө муктаждыгын айтат.