Өлкөдө лицензиясы жок медициналык мекемелердин ишмердиги жарандардын саламаттыгына кооптуулук жаратып жатканы тууралуу маселе бир нече ирет көтөрүлгөн. Мурда ишкердикти колдоо максатында коюлган мораторий алынып, учурда аталган мекемелердин лицензиясы текшерүүгө алынууда. Алардын арасында стоматологиялык жана сулуулук тейлөө кызматын көрсөтүүчү мекемелер бар. Учурда жаштар арасында да гепатит өңдүү жугуштуу оорулардын көбөйүп жатканын да адистер ушул мекемелердин талапка жооп бербей иш алып барганы менен байланыштырат. Ушундан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги текшерүү жүргүзүп жатышат. “Ачык кеп” программасынын алкагында текшерүүнүн жыйынтыгы, медициналык мекемелердин канчасынын лицензиясы бар экени жана лицензия алуунун жол-жобосу тууралуу баарлаштык.