Бишкектеги эң улгайган дарак 140 жашта — бак-дарак эмнеге кыйылып жатат?

Sputnik
Советтик мезгилде Бишкек аймактагы эң жашыл шаарлардын бири катары саналган. Учурда борбордогу жашыл аянттардын азайышы негизги көйгөйлөрдүн бири болду. Бул маселени чечүү жолдору көп жылдардан бери айтылганы менен жыйынтык болбой келет. Жергиликтүү жашоочулар шаардагы бак-дарактардын кыйылышы боюнча нааразычылыгын айтып келет.
Эмне себептен бак-дарак эмнеге кыйылып жатат жана анын орду толукталып жатабы, шаарды жашылдандыруу, жаңы көчөттөр, илимий изилдөө тууралуу “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев маек курду.