Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда Өкмөттөр аралык кеңеш түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров, 8-июлда Душанбеде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасоо учурунда айтты. Өлкө башчысынын айтымында, Өкмөттөр аралык кеңешге Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы жана Тажикстандын премьер-министри төрагалык кылат. "Өкмөттөр аралык кеңештин биринчи жыйынын Бишкек шаарында өткөрүү боюнча келиштик", - деди Садыр Жапаров.
2025-жылдагы дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери республика боюнча ыкчам жүрүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 8-июлга карата жалпы 653,9 миң гектар айдоо аянтынын 87,6 миң гектары жыйналып бүттү. Бул 13,4 пайызды түзөт жана 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,9 миң гектарга көп. Негизги көрсөткүчтөр боюнча буудай – 249,9 миң га аянттын 45,2 миң гектары жыйналып, 18,1 пайызды түздү; арпа – 239,2 миң га аянттын 42,5 миң гектары жыйналып, 17,8 пайызды түздү,жүгөрү, чанактуу жана башка дан өсүмдүктөрү – жыйноо иштери али баштала элек. Жалпы жыйналган дүң түшүм – 246,3 миң тоннаны түздү. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 80,5 миң тоннага көп. Жыйноо иштерине жалпысынан 764 комбайн тартылган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 189 бирдикке көп.
Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи, саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аликбек Жекшенкулов ЖККУ өлкөлөрү террорчулук, экстремизм, киберкоопсуздукка каршы күрөшүүдө чоң иш жасап жатканын айтты. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун дүйнөдөгү орду барган сайын артып, тышкы кооптуулукка туруштук бере алат.Анын айтымында, ЖККУга кирген мамлекеттер арасында маалымат алмашуу жакшырып, ички эрежелер дагы бекемделүүдө.Ошондой эле ал ЖККУнун күчтөрү Казакстанда болгон окуяда натыйжалуулугун көрсөтүп, ыкчам жана мобилдүү экенин далилдегенин кошумчалады.
Чолпон-Ата шаары 2025-2026-жылдарда ШКУнун туристтик жана маданий борбору болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Кабарга ылайык, кечээ Кытайда өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 22-жыйынында маданият жана искусство жаатында кызматташуу талкууланган. "Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 22-жыйынынын протоколуна кол коюлуп, Чолпон-Ата шаарына "ШКУнун туристтик жана маданий борбору – 2025-2026" макамын ыйгаруу чечимин кабыл алуу макулдашылды", — деп айтылды маалыматта. Жыйынга кыргыз тараптан маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышканы кошумчаланды.
Кыргызстанда алгачкы ретроавтомобилдер музейи пайда болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда айтылган. Анда мурдагы Батыш автобекетинин имараты музейге айланары, аны "Инвест Кей Джи Холдинг" компаниясы жасай турганы айтылган. Ишкана бул жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү, коомдук жайларды жана сейил бактарды курат. Ошондой эле "Тазалык" ишканасына 2 жаңы база жана административдик имарат салып бериши керек болот. Долбоор 10 жылдын ичинде ишке ашырылат. Курулган турак жайдын 10 пайызы же анын акчасы Бишкек мэриясына өткөрүп берилиши шарт.