БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бейшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан катуу жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда 21…26, Талас өрөөнүндө 20…25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көл жеринде 18…23, Нарын чөлкөмүндө 19…24 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 23…25, Ош шаарында 24…26 градусту көрсөтөт.