Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын экс-премьери: Украинадагы тынчтык Зеленскийди өлүмгө кептейт

Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Украинадагы тынчтык Владимир Зеленскийди өлүмгө кептейт, эми анын эки гана жолу бар. Бул тууралуу Россиянын мурунку премьер-министри Сергей Степашин айтканын РИА Новости жазды.
"Тынчтык — Зеленский үчүн өлүм. Бардык жагынан. Өз алдынчалуулугун эбак жоготкон киши", — деген ал.
Степашин Зеленскийди ушу тапта Европадан Германия менен Англия башкарып жатканын белгилеген. Анын айтымында, Зеленский АКШ президенти Дональд Трамптын кысымы менен Россия сунуштап жаткан шартта тынчтык тууралуу макулдашууга барышы мүмкүн.
"Же "тынчтыкка мажбурлоо" деген термин бар, Трамп аны кандай колдонсо болорун баарыбызга жакшы көрсөтүп берди", — деген Степашин.
Экс-премьер Киев режиминин жетекчиси чынында тынчтыктын орношун каалабай турганын, убактылуу элдешип, ошол мезгил аралыгында күчтөнүп алууну көздөп жатканын белгиледи.
"Согуш — бул апаат. Ким жеңсе да чоң мүшкүл. Ал жакта миллиондон ашуун киши набыт болуп кетти. Жаш балдар, улуураактары да бар. Анан биз эмне тууралуу айтып жатабыз?" — деди Степашин.
Ал атайын аскердик операция 2022-жылы аргасыз чара болгонун, Киев режими Малороссиянын, өзгөчө Донецк элин катуу кордоп, кырып келгенин белгилеп, буга эч кимдин башы оорубаганын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон Украинага жакында кошумча курал жөнөтөрүн айтты