БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстандын мунайга болгон муктаждыгынын 90 пайызын Россия камсыздайт. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Назгүл Усенова билдирди.
Ал Горчаков фондунун "Борбор Азия боюнча мектеп" илимий-билим берүү программасынын алкагындагы сессияда сүйлөдү.
"Россия биз үчүн негизги стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Кызматташтыгыбыздын чоң багыттарынын бири — мунай жана мунай заттарын жеткирүү. Россиялык кесиптештер индикативдик баланстардын алкагында өлкөгө бажы алымысыз мунай жана мунай продуктуларын жеткирүүгө жардам берип, жеке мунай жеткирүүчүлөр менен өлкө бюджетинин түйшүгүн азайтууда", — деди Усенова.
Кыргызстан Россиядан жыл сайын 1 миллион тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу май сатып алат.