Радио

ЖККУнун дүйнөдөгү орду барган сайын бекемделүүдө

Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи, саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аликбек Жекшенкулов ЖККУ өлкөлөрү террорчулук, экстремизм, киберкоопсуздукка каршы күрөшүүдө чоң иш жасап жатканын айтты.
Sputnik
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун дүйнөдөгү орду барган сайын артып, тышкы кооптуулукка туруштук бере аларын Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЖККУга кирген мамлекеттер арасында маалымат алмашуу жакшырып, ички эрежелер дагы бекемделүүдө.
"ЖККУ өлкөлөрү террорчулук, экстремизм, баңгизат ташуу, мыйзамсыз миграция, киберкоопсуздукка каршы күрөшүүдө чоң иш жасап жатат. Мындай көйгөйлөрдү чечүүдө биргелешкен аракеттер керек. Учурда бул уюмдун дүйнөдөгү орду барган сайын артып, тышкы кооптуулукка туруштук бере ала турган бардык ресурстары бар. Эл аралык кырдаал, Жакынкы Чыгыштагы абал туруксуз болуп турган учурда ЖККУнун күчтөрү бардык жагынан зарыл болгон иштерди жасоодо", — деди Жекшенкулов.
Ошондой эле ал ЖККУнун күчтөрү Казакстанда болгон окуяда натыйжалуулугун көрсөтүп, ыкчам жана мобилдүү экенин далилдегенин кошумчалады.