Трамп Токаевге казак товарларына бажы төлөмү киргизилерин билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. АКШнын лидери Дональд Трамп Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге алар өндүргөн товарга Вашингтон 25 пайыздык бажы алымын киргизип жаткандыгын билдирген кат жолдогон. Мындай маалыматты РИА Новости таратты.
Документ 1-августтан тарта күчүнө кирмекчи.
"2025-жылдын 1-августунан тарта Казакстандын Кошмо Штаттарга жөнөтүлгөн товарларынан башка тармактык салыктардан тышкары 25 пайыздык бажы төлөмүн алабыз", — деп айтылат Трамптын билдирүүсүндө.
Эске салсак, 2025-жылдын 2-апрелинде АКШ президенти Дональд Тармп башка өлкөлөрдөн келген товарга бажы алымы кирерин билдирген. Вашингтондун бул аракети көптөгөн дүйнөлүк лидерлердин нааразычылыгын жараткан.
Ак үйдүн кожоюну бажы төлөмүнүн эң төмөнкү чеги 10 пайыз болорун, анткен менен тариф ар өлкөгө өзүнчө бекитилерин белгилеген болчу. Трамптын айтымында, сумма мамлекеттердин америкалык товар үчүн алган пошлинасынын жарымын түзөт. Бирок Ак үйдүн башчысы чечимин өзгөртүп, 75 мамлекетке ар кыл көлөмдөгү тарифтерди токтото турмак болгонун билдирген.
Бажы алымы боюнча тизмеде Борбор Азиядан Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан бар.
Трамп БРИКС саясатын колдогондорго бажы алымын киргизүү ниетинде