Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон көзмө-көз сүйлөштү. Талкууланган маселелер

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен көзмө-көз сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу алакалар талкууланып, анын ичинде чек ара райондорундагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнү талкуулашты.
Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамилелери өнүгүү жолунда экенин белгилеп, эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо ийгиликтүү аяктаганын, азыр болсо демаркация иштери активдүү жүрүп жатканын айтты.
Ошондой эле Рахмон соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын позитивдүү динамикасын баса белгилеп, коопсуздук жаатындагы кызматташуунун маанисин белгиледи.
Ал эми Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо жалпы региондун тынчтыгы менен коопсуздугу үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи. Ал калган чек ара тилкелерин демаркациялоо жакынкы аралыкта макулдашылган графикке ылайык аяктайт деген ишенимин билдирди.
Эске салсак, бүгүн Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барган. Анын алкагында тажик парламентинин спикерлери, премьер-министр менен да жолугары айтылган.
Тасмагамбетов: ЖККУ кооптуулуктун бардык түрүнө туруштук бере алат