БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Өлкө жетекчисин Душанбе аэропортунан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алып, протоколдук жөрөлгөлөр жасалып, 500дөн ашуун артист катышкан чакан концерттик программа көрсөтүлдү.
"Сапардын алкагында Жапаров Тажикстандын президенти, парламентинин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушат. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн өнөр адамдарынын катышуусундагы "Түбөлүк достук" концерти өтөрү белгиленди.