БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы Бордөбө — Карамык көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши жандандырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара мамлекет башчынын Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө.
"Ачылыш аземге эки өлкөнүн башчылары видеобайланыш режиминде катышты. Президенттер буйрук беришкенден кийин өткөрмө пунктундагы шлагбаумдар көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Садыр Жапаров Душанбеге барып, Эмомали Рахмон менен сүйлөштү. Ошондой эле тажик парламентинин спикерлери, премьер-министр менен да жолугары айтылган.