Мамиле бекемдейт! Жапаров менен Рахмон кеңейтилген форматта баарлашты

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Эмомали Рахмон менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Рахмон Тажикстан Кыргызстан менен саясий диалогду чыңдоого жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеген.
"Бүгүн кабыл алына турган чечимдер достугубуздун жана ынак коңшулаштыгыбыздын негизин бекемдөөгө, жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган", — деди Рахмон.
Ал эми Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тактоо иштери аяктагандан кийин биринчи кезекте соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө маани берилерин белгиледи.
"Биз азыр кеңири багыттарды камтый турган толук форматтагы эки тараптуу кызматташтыкты баштоонун алдында турабыз", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле мамлекеттер аралык кызматташтыктын бардык механизмдерин, анын ичинде азыркы колдонулуп жаткан жана жаңыдан түзүлө тургандарын толук ишке киргизүүнү сунуштады.
Бул үчүн төмөнкүлөр сунушталат:
мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Кыргызстан менен Тажикстандын Жогорку мамлекеттер аралык координациялык кеңешинин ишин жандандыруу;
эки өлкөнүн парламенттеринин достук депутаттык топторунун жана тармактык комитеттеринин катышуусунда парламенттер аралык механизмди түзүү;
кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин улантуу;
чек арага чектеш облустардын ортосунда туруктуу иштеген кызматташтык механизмин, Форум же Региондор кеңеши түрүндө түзүү.
Жапаров, мындан тышкары, эки өлкөнүн чек ара аймактарынын ортосундагы мамилени жакшыртуу чек ара соодасын өнүктүрүүгө гана эмес, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө да багытталышы керектигин айтты.
"Кыргызстан менен Тажикстандын маданият жана искусство ишмерлеринин катышуусундагы "Түбөлүк достук" концерти сыяктуу биргелешкен иш-чараларды өткөрүү эки өлкөнүн элинин жакындашуусуна кошумча түрткү берет", — деди Кыргызстандын президенти.
Жолугушуунун соңунда Жапаров анын мамлекеттик сапары кыргыз-тажик мамилелеринин өнүгүшүнө жаңы дем берип, бардык негизги тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенерин билдирди.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон көзмө-көз сүйлөштү. Талкууланган маселелер