Жапаровдун Тажикстанга сапары: кол коюлган документтердин тизмеси

Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 3

Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду

2 / 3

Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду

3 / 3

Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду

Документтердин тизмеси:
президенттердин биргелешкен билдирүүсү;
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ишеним чаралары боюнча макулдашуу;
Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу;
Геодезия, картография, жерге жайгаштыруу, кадастр, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерди аралыктан зонддоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Стандартташтыруу, метрология, продукциянын шайкештигин баалоо жана аккредитациялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Социалдык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө меморандум;
Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2026-2027-жылдарга кызматташуу программасы;
2025-2026-жылдарга карата жеткирүү, өнөр жай жана жаңы технологиялар жаатында кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;
Айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Тажикстан Республикасынын өкмөтүнө караштуу Телевидение жана радио боюнча комитетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту менен Тажикстан айыл чарба илимдер академиясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда ишкердик кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуу.
Мамиле бекемдейт! Жапаров менен Рахмон кеңейтилген форматта баарлашты