БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Пентагон АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен Украинага кошумча "коргонуучу куралдарды" жиберүүгө даяр. Бул туурасында РИА Новости аталган министрликтин расмий өкүлү Шон Парнеллге шилтеме кылып жазды.
"Биз тынчтыкты бекем орнотуу жана өмүрлөрдүн кыйылышын токтотуу иштерин жүргүзүп жатканда украиналыктар өздөрүн коргошу үчүн президент Трамптын буйругу менен Коргоо министрлиги Киевге коргоно турган кошумча куралдарды жиберет", — деп айтылган алардын билдирүүсүндө.
Ак үйдүн башчысы буга чейин кеп биринчи иретте "коргонуучу" каражаттар туурасында жүрүп жатат деп белгилеп, Украинага көбүрөөк курал жөнөтүүнү убада кылган.